Бишкектин Маевка айылында көп кабаттуу үйдөн өрт чыктыЖТП жана КИП резиденттерин Салык кызматында каттоо толугу менен автоматташтырылды25-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуНикол Пашинян эгер Арменияны ЖККУдан чыгарышса, буга ыраазы болорун билдирди — толугураакCYBERNOMAD FEST 2026: Бишкекте киберкоопсуздук боюнча улуттук фестиваль өтөтБишкектин 9-кичи районунун бир бөлүгүндө ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Кыргызстанда текстиль кийимдердин сапатын текшерген лаборатория ачылат
08.02.2025 | 14:43
Экономика министрлиги, «КыргСерт» компаниясы жана Кытайдын Xinjiang Tianyu Engineering Testing компаниясы текстиль жана тигүү буюмдарын сыноо жана текшерүү лабораториясын түзүү боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бул лаборатория төмөнкү иштерди аткарат:
– продукциянын эл аралык жана улуттук стандарттарга шайкештигин текшерүү;
– ден соолук жана экологиялык коопсуздук сертификаттарын берүү;
– сапат маселелери боюнча тигүү ишканаларына багыт берүү;
– эл аралык сертификаттоо стандарттарын ишке ашырууга жардам берүү.
Жаңы борбор Кыргызстандын продукциясынын дүйнөлүк рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатып, экспорттоого шарт түзөрү күтүлүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар