Кыргызстанда жеке медициналык ЖОЖдор билим берүү франшизасына өткөрүлүшү мүмкүн

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги мамлекеттик эмес билим берүү уюмдарында медициналык жана фармацевтикалык адистерди даярдоонун сапатын башкаруунун жаңы механизмдерин караган токтом долбоорун иштеп чыкты. Документ коомдук талкууга коюлду.
Министрлер кабинетинин токтом долбооруна ылайык, медициналык жана фармацевтикалык адистиктер боюнча окутуу процессине билим берүү франшизасы же академиялык жана методикалык башкарууну жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тартибин бекитүү сунушталууда.
И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (КММА) менен мамлекеттик эмес медициналык билим берүү уюмдарынын ортосунда өз ара аракеттенүү механизмин түзүү каралган.
Кызматташтыктын эки модели сунушталууда:
• КММА брендин колдонуу менен билим берүү франшизасын берүү;
• Билим берүү процессин академиялык жана методикалык жактан башкаруу боюнча кызматтарды көрсөтүү.
Бул жаңы механизмдер билим берүү программаларын бирдейлештирүүгө (унификациялоого), окутуунун заманбап усулдарын киргизүүгө, студенттердин клиникалык даярдыгына жана билимин баалоого карата бирдиктүү мамилени камсыз кылууга, ошондой эле медициналык билим берүүнүн сапатына көзөмөлдү күчөтүүгө шарт түзөт деп күтүлүүдө.
Маалымкат-негиздемедеги маалыматтарга караганда, Кыргызстанда медициналык жана фармацевтикалык кадрларды даярдоо тутуму 34 жогорку кесиптик, 30 орто кесиптик билим берүү уюмдарын жана тогуз илим-изилдөө институтун камтыйт.
Аталган билим берүү мекемелеринде жалпысынан 16 миңден ашуун студент билим алат.
Долбоорго ылайык, билим берүү франшизасы жана академиялык башкаруу боюнча кызматтар келишимдик жана акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Чыгымдарды өнөктөш билим берүү уюмдарынын эсебинен жабуу каралган.
Маалымкат-негиздемеде белгиленгендей, долбоорду ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт.
Документ кабыл алынган учурда, жаңы эрежелер расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.