Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү — Садыр ЖапаровСаламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы башчысы менен УКМК төрагасынын мурдагы орун басары пара алууга айыпталуудаКыргызстан боюнча 20 миңден ашык видеокөзөмөл камералары орнотулат — ИИМАнкаранын Борбор Азиядагы аскердик-өнөр жай комплекси: учкучсуз учактардан аскердик экосистемаларга чейинЧүй облусу гана эмес, бүтүндөй Кыргызстан өнүгүүдө — Болот ИбрагимовКөргөзмөлөр, улуттук тамак-аштар жана концерт: Бишкекте Чүйдүн 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө
Кара-Кулжада тоо текени мыйзамсыз аткан жаранга айып пул салынды
21.09.2026 | 13:00

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун «Кашка-Суу» жайлоосунда бир баш тоо текени мыйзамсыз атуу фактысы аныкталган. Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде жаныбарды аткан жаранга 12 миң 500 сом айып пул салынган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.
Мындан тышкары жаранга жаратылышка келтирилген зыян үчүн 300 миң сом доо коюлуп, документтер укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.
Министрлик Кыргызстанда мыйзамсыз аңчылык кылгандар жана Кызыл китепке кирген жаныбарларды аткандар үчүн чоң өлчөмдөгү аайып пулдар каралганын эскертти.
Мыйзамга ылайык, айып пулдардын өлчөмү төмөндөгүдөй:
- Илбирс — 2 млн сом;
- Аркар-кулжа, марал, күрөң аюу, жейрен — 1 млн 500 миң сом;
- Кызыл карышкыр, мадыл, сүлөөсүн — 50 миң сом;
- Ортоазиялык кундуз, мензбир сууру — 20 миң сом.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: экология