Кыргызстанда желим баштыктарды колдонууга тыюу салынат

Кыргызстанда желим баштыктарды колдонууга тыюу салынат

Жогорку Кеңештин 29-июнундагы жыйынында «Кыргызстандын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндөгү” жана “Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  мыйзам долбоорлорунун топтому  каралды.

Демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев.

Мыйзам долбоору полимердик материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуу максатында иштелип чыккан.

Тагыраагы, мыйзам долбоорлору аркылуу Кыргызстанда полимердик материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуу максатында полимерден жасалган бир жолу колдонулуучу таңгак пакеттерин импорттоого, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салууга багытталган чектөөчү чараларды киргизүү каралууда.

Мындан сырткары, мыйзам долбоору полимер материалдарынан оромдоочу пакеттерди ташып келүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана соода жана тейлөө чөйрөлөрүндө акысыз берүүгө мыйзам тарабынан белгиленген тыюуну бузгандыгына жоопкерчилик чараларын белгилөө жолу аркылуу, полимер материалдардын Кыргызстанда ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин кыскартуу максатында иштелип чыккан.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда колдоо тапты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>