Бишкекте көмүр канчадан, кайда сатылып жатат? Даректер

Бишкекте көмүр канчадан, кайда сатылып жатат? Даректер

Бишкек мэриясы калаадагы көмүр саткан түйүндөрдүн даректерин жана коюлган баалар тууралуу айтып берди.

Ленин району боюнча калкка көмүр төмөндөгү отун базаларынан сатылат:

  • Мурманск көчөсү, 126 дарегиндеги көмүр базасында «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом;
  • Мурманск көчөсү, 45/2 дарегинде (мурдагы «Торг-Синтез» ЖЧКсы) «Кара-Жыра» көмүрүнүн тоннасы 6000 сом;
  • «Береке» ЖЧКсы, Мурманск көчөсү 122, 122а дарегинде «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 5000-6500 сомдон;
  • «Беш Сары» ЖЧКсы, Мурманск көчөсү 1Б дарегинде «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 5500 сом;
  • Дэн Сяопин проспектиси, 306а дарегиндеги КР Коргоо министрлигинин көмүр базасында «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом;
  • ЖИ «Болотбеков», Дэн Сяопин проспектиси, 308/4 дарегинде “Кара-Кече” көмүрүнүн тоннасы 5500 сом;
  • «Золотая корпорация» ЖЧКсы, Мурманск 1Б дарегинде, кире бериши түштүк тараптан. «Шабыркүл» көмүрүнүн тоннасы 6000 сом;
  • Жеке ишкер «Абиев Нурлан», Алыкулов көчөсү, 6б дарегинде «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом.

Биринчи май районунда Кара-Кече көмүрү төмөнкү даректерде сатылат:

  • Ак-Босого конушу, Профессор Зима 156а дарегинд 1 кап көмүрдүн баасы 220 сом, бир тонна көмүр 6000 сом, Чүй 23 көчөсү, 43 үйүндө 1 кап 230 сом;
  • Щербаков көчөсү 121 дарегинде 1 кап көмүр 200 сом;
  • Махатма Ганди жана Жапаров көчөлөрүнүн кесилишинде 1 кап көмүр 210 сом жана тоннасы 6000 сомдон, ошондой эле тандалган көмүрдүн тоннасына 7000 сомдон;
  • Алтын-Бешик конушундагы Алтын-Бешик жана Мидин көчөлөрүнүн кесилишинде 1 кап көмүрдүн баасы 250 сомдон, тоннасы 6000 сомдон сатылууда;
  • Дэн Сяопин пр., 531 дарегинде 1 мүшөк көмүр 280 сомдон;
  • Тынчтык» конушу 12-көчөсү, 19-үйдө бир кап көмүр 250 сомдон;
  • Месарош көчөсү, 96 дарегинде 1 кап көмүр 240 сомдон сатылууда;
  • Калыс Ордо конушу, 106-көчөсү, 1-үйдө 1 кап көмүр 250 сомдон.

Ошол эле учурда кышка жакын 15-20дай стационардык пункттар ачылат.

Свердлов районунда көмүр төмөнкү жерлерде сатылат:

  • Достоевский көчөсү №1, «Шабыркүл» тоннасы 6200 сом;
  • айланма жолдун боюндагы «Келечек» конушунда “Кара-Кече” көмүрүнүн тоннасы 5800-6000 сом.

Октябрь районунда көмүр төмөнкү жерлерде сатылат:

  • «Глобал Азия Пропертиз» ЖЧКсы «Төкөлдөш» конушу, «Аламүдүн» станциясында Казакстандын Кара-Жыра көмүрүнүн 1 тоннасынын баасы 6200 сом;
  • Кара-Жыгач конушу Л.Толстой көчөсүндө «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом;
  • Рухий-Мурас конушу Бейшеналиева көчөсү — Рухий Мурас 2 көчөсү, “Кара-Кече” көмүрүнүн тоннасы 6000 сомдон.
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>