Трамп UFC башчысы Дана Уайтка жана Хабиб Нурмагомедовго Ак үйдөн кызмат сунуштады

АКШнын президенти Дональд Трамп UFC уюмунун жетекчиси Дана Уайтка Ак үйдүн басма сөз катчысы кызматын сунуштаганын билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында маалымдады.
Трамп эгер Дана Уайт кызматка макул болсо, өз командасына UFC спортчулары Ислам Махачев менен Хабиб Нурмагомедовду, ошондой эле Жастин Гейджи, Даниэль Кормье, Аманда Нуньес жана Кайла Харрисонду жардамчы кылып алууну айткан.
«Дана Уайтка АКШ президентинин басма сөз катчысы кызматын сунуштадым. Мен андан жардамчыларды, алардын айрымдары биздин өлкөдөн болбосо да: Ислам Махачевди, Хабиб Нурмагомедовду, Жастин Гейджини, Даниэль Кормьени, Аманда Нуньести жана Кайла Харрисонду чогуу ала келүүнү сурандым. Бизди коргоо үчүн бул адамдар керек. Дана, сунушка макул бол!» – деген өз билдирүүсүндө Трамп.