Бишкекте Махатма Ганди жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылатАсеин Исаев Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси болуп дайындалдыКыргызстанда климаттын өзгөрүшүнүн ден соолукка таасири талкууландыИдрис Кадыркулов Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматынан бошотулду17-ноябрда интернеттин өчүшү жана эсептердин нөлдөнүшү: эксперт эмне дейт?Алыскы Зардалыга баруучу унаа жолду кеңейтүү жана асфальттоо иштери уланууда
Бишкекте Махатма Ганди жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат
13.11.2026 | 14:47

Бишкек шаарында 14-17-ноябрь күндөрү Махатма Ганди (мурдагы Муромская) жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Чектөөлөр аталган жерде суу түтүктөрүн тартуу жана курулуш-монтаждоо иштерине байланыштуу киргизилүүдө.
Мэрия жол кыймылынын катышуучуларын каттамдарды алдын ала пландап, башка жолдорду колдонууга жана киргизилген чектөөлөрдү эске алууга чакырат. Ошондой эле шаар тургундары менен айдоочулардан жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Бишкек, жол жабылат