Нарын облусунда эки ашуу жана бир жол тилкеси жазга чейин жабылды

12.11.2026 | 11:34
В Нарынской области два перевала и один участок дороги закрыли до весны — Новости Кыргызстана

Нарын облусунда аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу эки ашууда жана бир автожол тилкесинде унаалардын жүрүшүнө жазга чейин убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, коопсуздукту камсыз кылуу максатында төмөнкү жол тилкелери жабылды:

  • Казарман — Жалал-Абад жолунун 0–52-чакырым аралыгындагы «Сары-Кыр» ашуусу,
  • Нарын — Өрүк-Там унаа жолунун 50–75-чакырым аралыгы (Эки-Нарын айылынан Капчыгайга чейин),
  • Ат-Башы — Кында — Торугарт жолунун 0–225-чакырым аралыгындагы «Кында» ашуусу.

Министрлик аталган тилкелер жаз айларында аба ырайынын шартына жана жолдун абалына жараша ачыларын билдирди. Ошондой эле жарандардан жана айдоочулардан кырдаалды түшүнүү менен кабыл алып, убактылуу жабылган жол тилкелерине чыкпоону жана жол кыймылынын коопсуздук талаптарын так сактоону суранды.

Scroll to Top