Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Бишкекте аялды мыкаачылык менен өлтүргөн адам кармалды
16.05.2022 | 16:50
Бишкек шаарында 63 жаштагы аялды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды, деп билдирет Милициянын кайгуул кызматы.
Маалыматка караганда, 14-майда саат 10:52 чамасында “102” кызматына Урицкий көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен аялдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери жөнөтүлгөн. Жеринде 63 жаштагы Д.И. аттуу аял мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү аныкталган.
Ыкчам издөө иш-аракеттери жүргүзүлүп, шектүү катары 58 жаштагы Г.Б. аттуу жаран кармалган. Ал тергөө кызматына өткөрүлгөн.
Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (“Адам өлтүрүү”) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом