Кыргызстан Кытайдын литий гиганты Ganfeng Lithium менен кызматташуу меморандумуна кол койду

03.11.2026 | 17:55
Кыргызстан Кытайдын литий гиганты Ganfeng Lithium менен кызматташуу меморандумуна кол койду — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 3-ноябрда Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен кытайлык «Ganfeng Lithium Group Co., Ltd.» компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Документке агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров менен аталган ишкананын вице-президенти Чжу Тяньлун кол коюшту. Меморандум тоо-кен тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө, өндүрүшкө технологияларды киргизүүгө жана Кыргызстандын аймагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.

Мындан тышкары меморандумдун алкагында тараптар маалымат алмашууну жолго коюуну жана долбоорлорду биргелешип кароону макулдашышкан.

Маалымат үчүн: «Ganfeng Lithium Group» — дүйнөдөгү литий продукциясын өндүргөн ири компаниялардын бири жана Кытайдагы литий туздарын өндүрүүчү эң ири ишкана. Компания чийки заттарды (туздуу кендерден жана рудалардан) казып алуудан баштап, металл литийин, аккумулятордук батареяларды чыгаруу жана аларды кайра иштетүү боюнча иш алып барат.
Scroll to Top