Ун, май жана эмерек: чакан жана орто бизнестин өнөр жайдагы үлүшү өстү

01.11.2026 | 12:00
Ун, май жана эмерек: чакан жана орто бизнестин өнөр жайдагы үлүшү өстү — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын өнөр жай тармагында чакан жана орто бизнестин катышуусу кеңейип жатат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылы мындай ишканалар нан өндүрүшүнүн көмүскө көлөмүн кошкондо, 201,1 млрд сомдук продукция чыгарышкан. Алардын өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүндөгү үлүшү 2021-жылдагы 20,8%дан 2025-жылы 24,5%га чейин өскөн.

Өсүш өсүмдүк майын өндүрүүдө кыйла байкалган: 2021-жылы 7,7% болсо, 2025-жылы 52,6%га жеткен. Дан өсүмдүктөрүнөн ун өндүрүүдөгү үлүшү 46,2%дан 65,4%га, эмерек өндүрүүдө 32,3%дан 61,7%га, пластмассадан эшиктерди, терезелерди жана терезе кашектерин жасоодо 21,2%дан 25,5%га көбөйгөн.

Ошол эле учурда ичине салынды кошулбаган макарон азыктарын өндүрүүдө чакан жана орто бизнестин үлүшү 49,0%дан 25,5%га, минералдык суу өндүрүүдө 31,9%дан 8,7%га чейин төмөндөгөн.

Чакан жана орто бизнестин өнөр жайга кошкон салымы аймактар боюнча кыйла айырмаланат. Жеке ишкерлерди кошкондо, алар Ош шаарынын өнөр жай продукциясынын 62,2%ын, Ош облусунун 60,5%ын жана Баткен облусунун 59%ын өндүрүшкөн. Бишкекте бул көрсөткүч 45,8%ды, Жалал-Абад облусунда 32,5%ды, Нарын облусунда 25,6%ды, Чүй облусунда 19,6%ды түзгөн.

Теги: өндүрүш
Scroll to Top