Кыргызстан менен Беларусь жарандарын 30 күнгө каттоодон бошотот

22.09.2026 | 11:07
Кыргызстан менен Беларусь жарандарын 30 күнгө каттоодон бошотот — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын жарандары Беларуста жүргөн алгачкы 30 күндүн ичинде милдеттүү каттоодон бошотулушу мүмкүн. Ушундай эле тартип Кыргызстанга келген Беларусь жарандарына да колдонулат. Эки өлкөнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо жөнүндө тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин комитеттеринде биринчи окууда каралууда.

Негизги өзгөртүү жүргөн жери боюнча каттоого байланыштуу. Бир өлкөнүн жарандары экинчи өлкөнүн аймагында убактылуу жүргөн учурда өлкөгө кирген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде каттоого турбай эле жүрө алышат.

Бул мөөнөт чек арадан өткөн күндөн тартып эсептелет. Өлкөгө кирген күн документтеги чек ара кызматынын белгиси же тиешелүү маалыматтык системалардагы маалыматтар боюнча аныкталат.

Эгер Кыргызстандын же Беларустун жараны башка өлкөдө 30 күндөн ашык жүрүүнү пландаса, бул мөөнөт аяктагандан кийин барган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жүргөн жери боюнча каттоого турууга тийиш.

Макулдашууда эки өлкөнүн жарандары кирип-чыга ала турган документтердин тизмеси да аныкталган. Кыргызстандын жарандары үчүн мындай документтерге Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту, жалпы жарандык чет өлкөлүк паспорт, дипломатиялык жана кызматтык паспорттор кирет. Кайтып келүү күбөлүгү Кыргызстанга кайтып келүү үчүн гана колдонулат.

Беларусь жарандары үчүн Беларусь Республикасынын жаранынын паспорту, кызматтык жана дипломатиялык паспорттор, деңизчинин улуттук күбөлүгү, ошондой эле кайтып келүү күбөлүгү каралган. Кайтып келүү күбөлүгү Беларусь Республикасына кайтуу үчүн гана колдонулат.

Тараптар бул документтердин үлгүлөрү менен алмашып, аларга киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу бири-бирине маалымдап турууга тийиш.

Мындан тышкары, макулдашууда улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти жана калктын саламаттыгын коргоо максатында анын колдонулушун толугу менен же жарым-жартылай убактылуу токтотуу мүмкүнчүлүгү каралган. Бул тууралуу экинчи тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу маалымат берилүүгө тийиш.

Макулдашууну чечмелөөгө же колдонууга байланыштуу талаштуу маселелерди консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү сунушталууда.

Макулдашуу мөөнөтсүз түзүлөт. Ошол эле учурда тараптардын ар бири экинчи тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу билдирүү жөнөтүп, анын колдонулушун токтото алат. Мындай учурда документ билдирүү алынган күндөн тартып 90 күндөн кийин күчүн жоготот.

Негиздеме-маалымкатта жаңы тартип Кыргызстан менен Беларустун жарандарынын өз ара сапарлары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөрү белгиленген. Макулдашуу ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө, анын ичинде экономикалык жана туристтик байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.

Scroll to Top