Кыргызстанга кызамыкка каршы вакцина алынып келди

Кыргызстанга кызамыкка каршы вакцина алынып келди

Бүгүн, 12-сентябрда Кыргызстанга кызамык жана кызылча менен күрөшүү боюнча демилгеден кызылча-кызамык вакцинасынын 755 500 дозасы келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка караганда, вакциналарды өткөрүп берүү боюнча иш-чарага Саламаттык сактоо министрлигинин, КРдагы БДСУ, ЮНИСЕФ жана УКАК өкүлдөрү катышты.

Кызылча-кызамык вакцинасы – бул кызамык жана кызылчага каршы тирүү лиофилизацияланган (кургак) аралаш вакцина, ал ийиндин мүрү булчуңуна тери астына куюуга гана арналган. Иммунизациядан кийинки мүмкүн болгон кыйыр көрүнүштөр — инъекция жасалган жердеги кызаруу жана ооруксунуу, ал 3 күндөн көп эмес убакыт ичинде өз алдынча өтүп кетет.

Бул вакцина менен оорунун чыгышына жооп катары иммунизация жүргүзүүнүн алкагында 9 айдан баштап 7 жашка чейинки балдар эмделмекчи. Иммунизация убактылуу эмдөө пункттарында жүргүзүлөт, алар саламаттык сактоо уюмдарында жана билим берүү мекемелеринде уюштурулат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>