Президент алты депутатка мамлекеттик сыйлык тапшырды

Президент алты депутатка мамлекеттик сыйлык тапшырды

Бүгүн, 12-сентябрда президент Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Аларды ыйгаруу жөнүндө жарлыкка 2023-жылдын 30-августунда кол коюлган. Сыйлык жана наам алгандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары да бар.

Шайлообек Атазов дене тарбия жана спорттун эмгек сиңирген кызматкери наамын алды.

Гүлкан Молдобекова менен Данияр Төлөнов мамлекеттик кызматтын эмгек сиңирген кызматкерлери болушту.

Бактыбек Сыдыкбеков «транспортко эмгек сиңирген кызматкер»деген ардактуу наам алды.

Мындан тышкары, депутаттар Лейла Лурова жана Балбак Түлөбаев Кыргыз Республикасынын ардак грамотасы менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, сыйлыктар Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, кесиптик ишмердигиндеги жетишкендиктери, ошондой эле Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу тапшырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>