Кыргызстанга Орусиянын алдыңкы ЖМК өкүлдөрүнөн турган делегация келди

Кыргызстанга Орусиянын алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн турган делегация таанышуу сапары менен келди. Пресс-тур президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен эки өлкөнүн маалыматтык жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыгын өнүктүрүү максатында уюштурулду.
Делегациянын курамына «Первый канал», «Россия 1», НТВ, RT, «Известия» МИЦ, «МИР» МТРК, ТАСС, «Россия сегодня», «Интерфакс», «Московский комсомолец», «Комсомольская правда» жана URA.RU өкүлдөрү кирди.
Сапардын жүрүшүндө орусиялык журналисттер Кыргызстандын алдыңкы ЖМКларынын ишмердүүлүгү жана мамлекеттик маалымат саясатынын ыкмалары менен таанышып, өлкөнүн жаратылыш жана туристтик жайларына барышат.
Уюштуруучулардын белгилешинче, пресс-тур Кыргызстан менен Орусиянын журналисттеринин ортосундагы кесиптик байланыштарды кеңейтүүгө, өз ара ишенимди бекемдөөгө жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.
Буга чейин ушундай эле таанышуу сапарлары Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Азербайжандын ЖМК өкүлдөрү үчүн уюштурулган.