Салыктык түшүүлөр 5,5 жылда мурдагы 30 жылдагы көлөмдөн ашты

2021-жылдын январь айынан 2026-жылдын июль айына чейин Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине 1,2 триллион сомдон ашык салык түшкөн. Бул 1991-жылдан 2020-жылга чейинки 30 жыл аралыгындагы салыктык түшүүлөрдүн көлөмүнөн кыйла көп.
Ведомствонун маалыматы боюнча, 2021-жылы салыктык түшүүлөр 105,7 млрд сомду, 2022-жылы — 156,3 млрд, 2023-жылы — 185 млрд, 2024-жылы — 228,2 млрд, ал эми 2025-жылы 308,4 млрд сомду түзгөн. 2026-жылдын жети айында бюджетке дагы 228,8 млрд сом түшкөн.
Салыштыруу үчүн, 1991–2020-жылдар аралыгында мамлекеттик бюджетке жалпысынан 724 млрд сом салык түшкөн.
Ведомство түшүүлөрдүн өсүшүн жүргүзүлүп жаткан салык реформалары, салыктык башкарууну өркүндөтүү, бизнес үчүн шарттарды түзүү жана буга чейин көмүскө сектордо иштеп келген субъекттердин ишмердүүлүгүн легалдаштыруу менен байланыштырат.