КР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырдыКатуу үн чыгарган унааларды пайдаланууга тыюу салуу сунушталуудаБаткенде аскер комиссариатынын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалдыСыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырды
Бишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелет
22.08.2026 | 12:27

Бишкекте 22-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин репетициясына байланыштуу транспорт кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Чектөөлөр борбор калаанын бир катар негизги көчөлөрүнө жана жол тилкелерине тиешелүү болот.
Төмөнкү тилкелерде жол кыймылы убактылуу чектелет:
- Аалы Токомбаев проспектиси — Чортеков көчөсүнөн Барпы Алыкулов көчөсүнө чейин;
- Эр-Тайлак көчөсү — Чортеков көчөсүнөн Арча-Бешик көчөсүнө чейин;
- Манас проспектиси;
- Жусуп Абдрахманов көчөсү;
- Чүй проспектиси;
- Васильевка тракты — «Манас» эл аралык аэропортунан Фучик көчөсү жана Чүй проспектиси багытында.
Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгынан билдиришкендей, чектөөлөр иш-чаранын катышуучуларынын жана конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин репетициясын өткөрүү үчүн киргизилет.
Борбор калаанын тургундары менен айдоочулардан каттамдарын алдын ала пландап, убактылуу чектөөлөрдү эске алуу жана мүмкүн болушунча альтернативдүү жолдорду тандоо суралды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: ВИК