Кыргызстанга синтетикалык баңгизат ташып келүүгө шектелип, жети жаран кармалды

27.10.2026 | 12:18
Кыргызстанга синтетикалык баңгизат ташып келүүгө шектелип, жети жаран кармалды — Новости Кыргызстана

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) КМШ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга синтетикалык баңгизаттарды ташып келүү менен алектенген эл аралык эки топ аныкталып, ишине бөгөт коюлганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында, тергөө иштеринин натыйжасында Бишкек шаарында Кыргызстандын 7 жараны: П.И.Н., С.Э.Э., Т.А.Ж., К.у.С., А.Н.А., А.И.К. жана К.М.К. кылмыш үстүндө кармалышкан. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин негизинде кылмыш иштери козголгон.

Ошондой эле мыйзамсыз жүгүртүүдөн баасы 3,5 млн сомдон ашкан синтетикалык баңгизаттар алынган.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка жарандарды жана жагдайларды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери улантылып жатканы маалымдалды.

Scroll to Top