Кыргызстандын төрт облусунда уруксатсыз таштанды төгүү жайларына көзөмөл күчөтүлөт

27.10.2026 | 12:17
В четырех областях Кыргызстана усилят контроль за стихийными свалками — Новости Кыргызстана

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкек шаарынын Экологиялык прокуратурасы менен биргеликте Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы уруксатсыз таштанды төгүү жайларына көзөмөлдү күчөтөт. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Бул үчүн ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлөт. Ал өлкөнүн түндүк аймактарына барып, таштанды төгүү жайларын текшерип, алардын абалына баа берет. Таштанды жайларынын абалы дрондор аркылуу катталып, айлана-чөйрөнүн булганышына инструменталдык өлчөөлөр жүргүзүлөт. Комиссиянын корутундусунун негизинде тиешелүү чаралар көрүлөт.

Мындай чечим онлайн-жолугушууда кабыл алынды. Ага Бишкек шаарынын Экологиялык прокуратурасынын, аталган облустардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, ошондой эле Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун өкүлдөрү катышты.

Министрликтин маалыматына караганда, мурда өлкөдө 323 таштанды төгүү жайы болгон. Административдик-аймактык реформадан, рекультивациядан, таштандыларды көмүүдөн жана майда жайларды бириктирүүдөн кийин алардын саны 230га чейин кыскарган. Алардын ичинен 93 уруксатсыз таштанды төгүү жайы жоюлган, ал эми 160 жай дагы деле уруксатсыз иштеп жатат.

Жолугушууда катуу тиричилик калдыктарын уруксатсыз төгүү, алардын дайыма күйүп жана түтөп турушу, медициналык калдыктарды тиричилик калдыктары менен аралаштыруу, ошондой эле экологиялык коопсуздук жана санитардык нормалард

Scroll to Top