Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанга 2027-жылдын 1-февралына чейин алма импорттоого тыюу салынды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Айыл чарба министрлигинин маалыматында, мындай чечим ата мекендик багбанчылык чарбаларын колдоо жана жергиликтүү түшүмдү сатууга шарт түзүү максатында кабыл алынган.
Мекеме өлкөдө мөмө берүүчү алма бактарынын аянты 26 миң 324 гектарды түзөрүн билдирди. 2026-жылы алардан 179 миң 393 тонна түшүм алуу күтүлүүдө.
Расмий маалымат боюнча, 2026-жылдын январь–август айларында өлкөгө 6 миң 438,9 тонна алма импорттолгон. Бул көрсөткүч 2025-жылдагы жалпы импорттун көлөмүнөн 2,18 эсеге көп. Алма негизинен Польшадан (3 миң 554,1 тонна), Кытайдан (1 миң 696,8 тонна) жана Өзбекстандан (859,7 тонна) келген. Ал эми ушул эле аралыкта алманын экспорту 10 миң 779,52 тоннаны түзүп, 2025-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 13,3%га (1 658,11 тоннага) кыскарган.
Өкмөттүн жогорудагы чечими экспорттун азайышынан улам ички рынокто ата мекендик продукциянын сатылбай калуу коркунучун алдын алууну көздөй турганы айтылды.