Бишкекте «Мажар эл жомоктору» анимациялык сериалынын көргөзмөсү өтөт

27.10.2026 | 11:46
Бишкекте «Мажар эл жомоктору» анимациялык сериалынын көргөзмөсү өтөт — Новости Кыргызстана

28-октябрда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде «Мажар эл жомоктору» анимациялык сериалынын иллюстрацияларынын көргөзмөсү ачылат. Иш-чара Мажарстандын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулууда.

Экспозицияга аталган сериалдын кадрлары жана мажар фольклорун чагылдырган сүрөттөр коюлат. Коноктор анимация искусствосу аркылуу мажар элинин фольклору менен тааныша алышат.

Андан сырткары, 1-ноябрда саат 14:30дан 17:30га чейин музейдин кинозалында XX кылымдагы мажар анимациялык тасмалары көрсөтүлөт. Көрүүчүлөр мажар анимациясынын дүйнөсүнө сүңгүп кирип, белгилүү мультипликатор-режиссёрлордун чыгармалары менен тааныша алышат.

Уюштуруучулар тасмалар субтитрсиз жана дубляжсыз сунушталарын, бирок сюжеттер визуалдык баяндоого негизделгенин билдиришти.

Scroll to Top