Кыргызстанда 2027-жылдын январынан тарта бир катар социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйөт

21.10.2026 | 17:10
Кыргызстанда 2027-жылдын январынан тарта бир катар социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйөт — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тарта республикалык бюджеттин эсебинен бир катар социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, төмөнкү жөлөк пулдардын жана пенсиялардын өлчөмдөрү жогорулайт:

  • Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жөлөк пулу 8 миң сомдон 11 миң сомго чейин (37,5%га) көбөйөт, ошондой эле майыптык боюнча пенсиялар жогорулайт.
  • Улгайган жарандарга берилүүчү жөлөк пулдар 50%га өсөт.
  • Ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган балдарга берилүүчү төлөм 6 миң сомдон 8 миң сомго чейин (33,3%га), ал эми багуучусунан ажыраган балдардын жөлөк пулу 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин (66,7%га) көбөйтүлөт. Ошондой эле аларга тиешелүү пенсиялар да жогорулатылат.
  • Баатыр энелердин жөлөк пулу 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин жогорулап, пенсияларына кошумча төлөмдөр 1 миң сомдон 5 миң сомго чейин (4 эсеге) көтөрүлөт.

Мындан тышкары, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, Ооган согушунун ардагерлерине, Чернобыль АЭСиндеги кырсыкты жоюучуларга, концлагерлердин туткундарына жана Ленинград блокадачыларына ай сайын берилүүчү акчалай компенсациялардын өлчөмү көбөйөт.

Ошондой эле Аксы, Баткен жана Ош окуяларында жабыркагандарга жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө берилүүчү ай сайынкы кошумча жөлөк пул орто эсеп менен 20%га өсөт.

Scroll to Top