Сузакта курулушу токтоп калган мектеп, бала-бакчаларды куруу иштери кайра жанданды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мурда курулушу ар кандай себептер менен токтоп калган жети социалдык мекемеде куруу иштери кайра башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматында, бул объектилер буга чейин демөөрчүлөр тарабынан башталып, каржылык жана документ маселелеринен улам бүтпөй калган. Курулуш министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен документтер такталып, иштерди улантуу Турак жай-жарандык курулуш департаментине жүктөлгөн. Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.
Курулушу кайра жанданган объектилер төмөнкүлөр:
- Жаңы-Жер айылындагы 50 орундуу бала бакча;
- Төбөй айылындагы 120 орундуу «Баластан» бала бакчасы;
- Таштак айылындагы 120 орундуу «Жеткинчек» бала бакчасы;
- Боз-Чычкан айылындагы 120 орундуу бала бакча;
- Комсомол айылындагы 150 орундуу «Арууке» бала бакчасы;
- Кыргыз-Абад айылындагы 75 орундуу бала бакча;
- Багыш айыл аймагындагы №9 И. Мичурин атындагы орто мектептин 750 орундуу кошумча имараты.
Учурда аталган мекемелердин экөөсүнүн долбоордук-сметалык баасы кайра каралып жатканы айтылды. Ал эми калган беш объекттин курулушуна жалпы 242 миллион сом талап кылынары белгилүү болду.