Кыргызстан менен Грузия туризм жана гуманитария жаатында кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөөдө

23.10.2026 | 10:15
Кыргызстан менен Грузия туризм жана гуманитария жаатында кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөөдө — Новости Кыргызстана

Батуми шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Грузиянын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мака Бочоришвили жолугушту. Анда эки өлкө ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык чөйрөлөрдөгү кызматташтык маселелери талкууланды.

КРдин Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, сүйлөшүүлөрдө Кыргызстан менен Грузиянын туризм жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуусуна өзгөчө көңүл бурулган. Ошондой эле аймактар аралык байланыштарды өнүктүрүү маселеси да каралган.

Министрлер мындан тышкары жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги өз ара сапарларды уюштуруу пландарын талкуулашкан. Маалыматка ылайык, Грузия Парламентинин төрагасы Шалва Папуашвилинин Кыргызстанга расмий сапар менен келүүсү пландалууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Мака Бочоришвилини 2027-жылы Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырган.

Scroll to Top