Кытайда жол кырсыгынан 23 жаштагы кыргызстандык кыз каза болду

30-майда Кытайдын Кулжа шаарында болгон жол кырсыгынан 23 жаштагы кыргызстандык жаран О.К. каза болду. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Кытайдын укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, кырсыкка тиешеси бар айдоочу кармалган. Учурда окуянын себептерин аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Мекеме Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги жергиликтүү органдар жана маркумдун жакындары менен байланышта болуп, консулдук жардам көрсөтүп жатканын маалымдады. Учурда сөөктү мекенине жеткирүү маселеси каралууда.
Белгилей кетсек, ТИМ чет өлкөдө каза болгон жарандардын жакындары чыгымдарын жабуу үчүн мамлекеттен бир жолку төлөм «Жүк-200» алууга укуктуу экенин кошумчалады. Бул тартип өкмөттүн 2021-жылдын 23-апрелиндеги №169-токтому менен жөнгө салынат.