Жетим балдарды турак жай менен камсыз кылуу — менин артыкчылыктуу милдеттеримдин бири — Садыр Жапаров

01.06.2026 | 16:20
КР Президенти Садыр Жапаров интернаттардын тарбиялануучулары менен жолугушууда

2020-жылы президенттик кызматка киришкен күндөн тартып менин артыкчылыктуу милдеттеримдин бири жетим балдарды турак жай менен камсыз кылуу маселесин чечүү болуп саналат, — деди Кыргызстандын башчысы Садыр Жапаров Бишкектеги мектеп-интернаттардын тарбиялануучулары менен болгон жолугушууда.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө бул маселе өзүнүн практикалык чечимин тапты: улан-кыздар ЖОЖдордо окуусун аяктап, жумушка орношконго чейинки бир нече жыл бою ушул жерде жашай алышат. Ушундай эле социалдык турак жай Ош облусунда да уюштурулган, ал жакта түштүк аймактардан келген бүтүрүүчүлөр жашайт.

«Келечекте алар кийин өз турак жайын сатып алуу үчүн МИКтин (Мамлекеттик ипотекалык компания) программаларынын катышуучуларынын тизмесине кезексиз киргизилүү укугуна ээ болушат. Анын ичинде бул максаттар үчүн алар «Келечекке салым» мамлекеттик программасынын алкагында берилүүчү 500 миң сом өлчөмүндөгү топтомо депозиттин каражаттарын колдоно алышат», — деди ал.
МИКтен жетим балдар үчүн социалдык турак жай

Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы тактагандай, Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) турак жай фондунун базасында толук мамлекеттин камсыздоосунда болгон томолой жетим балдардын убактылуу жашап турушу уюштурулган.

КР Президенти Садыр Жапаров интернаттардын тарбиялануучулары менен жолугушууда
«Мектеп-интернаттарды жана кесиптик лицейлерди аяктагандан кийин окуу жайлардын жатаканаларынан кетүүгө аргасыз болгон көптөгөн бүтүрүүчүлөр өз алдынча жашоонун башталышында турак жайдын жоктугу көйгөйүнө туш болушкан. Жаштардын бул категориясын колдоо үчүн МИК жаштарга адистештирилген социалдык турак жай бөлүп берди, ал жакта бүтүрүүчүлөр жогорку окуу жайларында окуп жаткан мезгилде же жумушка орношуу этабында жашай алышат», — деп айтылат маалыматта.

Батирлер уландар жана кыздар үчүн өз-өзүнчө эки блокко бөлүнгөнү белгиленет.

Бул жерде өз алдынча жашоого көнүүгө, билим алууга жана мындан аркы кесиптик келечегин пландаштырууга өбөлгө түзгөн бардык зарыл болгон тиричилик шарттары түзүлгөн.

Иш сапарынын жүрүшүндө Садыр Жапаров турак жайларды көрүп чыгып, тарбиялануучулардын жашоо-тиричилик шарттары менен таанышты, ошондой эле алардын окууга болгон пландары жана кесиптик умтулууларына кызыгып, алар менен маектешти.

КР Президенти Садыр Жапаров интернаттардын тарбиялануучулары менен жолугушууда

Мындан тышкары, жаштар мамлекет башчысына өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, жашоодогу окуялары жана келечекке койгон пландары менен бөлүшө алышты.

Ошондой эле алар окуу жылынын ичинде дайыма мекеменин дубалдарында болушарын жана эч жакка чыгууга мүмкүнчүлүгү жок экенин белгилеп, жайкы чыңдоочу эс алуу үчүн лагерь уюштуруп берүү өтүнүчү менен кайрылышты. Жапаров тармактык мамлекеттик түзүмдөргө бул маселени ыкчам чечүүнү тапшырды.

КР Президенти Садыр Жапаров интернаттардын тарбиялануучулары менен жолугушууда

Учурда мекемеде 16 жаштан 18 жашка чейинки 25 бүтүрүүчү (10 улан жана 15 кыз) жашап жатканы белгиленет. Алардын бардыгы Бишкек шаарынын, ошондой эле Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарынын мектеп-интернаттарынын жана кесиптик лицейлеринин бүтүрүүчүлөрү болуп саналат.

Scroll to Top