Чет өлкөдө бардык документтер жарай бербейт: Бекешев маалымкаттар маселесин көтөрдү

01.06.2026 | 16:10

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Кыргызстандын санариптик мамлекеттик сервистери аркылуу алынган документтерди чет өлкөлөрдө таануу маселесин көтөрдү.

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрсөткөн кызматтар жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда ал бүгүнкү күндө көптөгөн документтерди «Түндүк» системасы аркылуу алууга мүмкүн экенин, бирок аларды өлкө сыртында колдонууда көйгөйлөр жаралып жатканын белгиледи.

Депутаттын айтымында, мындай жагдайга ишкерлер да туш болууда.

«Ишкерлер мага кайрылып, салык кызматынан Кыргыз Республикасынын резиденти экендиги жана Кыргызстанда салык төлөй тургандыгы тууралуу маалымкат керек болуп жатканын айтышат. Салык кызматы бардык нерсени санариптештириптир, бул жакшы. Бирок ошол маалымкатты Казакстанга алып барганда кабыл алышпай, мөөрү басылган документ талап кылышат», — деди Бекешев.

Ал мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү туура багыт экенин, бирок кагаз түрүндөгү документтерден толугу менен баш тартууга азырынча эрте экенин белгиледи.

«Биз дайыма санариптештирүү жөнүндө айтып жатабыз жана бул туура. Бирок толугу менен электрондук форматка өтүп, кагаз документтерди бербей коюуга болбойт. Жарандар Казакстанда жана Россияда “Түндүктөн” алынган документтерди, ал тургай басып чыгарылган түрүндө да кабыл албай жатканын айтып кайрылышууда», — деди депутат.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов мыйзам долбоорунда кызмат көрсөтүүлөрдүн санариптик форматына артыкчылык берилерин, бирок альтернативдүү механизм дагы сакталарын билдирди.

Анын айтымында, эгер жаранга документти чет өлкөдө колдонуу үчүн алуу зарыл болсо, мамлекеттик органдар аны кол коюлуп, мөөр басылган кагаз түрүндө бере алышат.

«Мыйзамда санариптик кызматтарга артыкчылык берилет. Бирок кагаз түрүндөгү документ алуу мүмкүнчүлүгү сакталат. Эгер маалымкат элчиликке же башка өлкөдө колдонуу үчүн керек болсо, ал кол коюлуп, мөөр басылган кагаз түрүндө берилет», — деп түшүндүрдү Сейитов.

Scroll to Top