Кытайлык ири ишканалар КРде энергетика, курулуш жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууга даяр

26.06.2026 | 14:33
Кытайлык ири ишканалар КРде энергетика, курулуш жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууга даяр — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 26-июнда, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Үрүмчү шаарына болгон сапарынын алкагында Кытайдын онго жакын ири компаниясынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Өкмөттүн маалыматында, жолугушууга «China National Petroleum Corporation», «China Road and Bridge corporation», «Xinjiang Sanbao Industrial Group Co., Ltd.» жана башка логистикалык, энергетикалык компаниялардын өкүлдөрү катышкан. Тараптар күйүүчү-майлоочу май, жол куруу, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, энергетика жана тоо-кен тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашкан.

Кытайлык ишкерлер Кыргызстанда жаңы долбоорлорду баштоого даяр экенин билдиришкен.

Минкаб талкууланган маселелердин жыйынтыгы боюнча Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин жана өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын алкагында эки тараптуу документтерге кол коюу пландалып жатканын билдирди

Мындан тышкары, Эрлист Акунбеков Кытай менен иштешкен кыргызстандык ишкерлерди кабыл алып, экспорт, транзит жана кайра иштетүү маселелери боюнча маалымат берген. Ал ата мекендик ишкерлерди колдоо үчүн жаңы гранттык жана субсидиялык программалар кабыл алынарын кошумчалаган.

Scroll to Top