Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Бишкекте муниципалдык унаа токтотуучу жайларда сааттык төлөм системасы сынала баштады
26.06.2026 | 14:44

Бишкек шаарынын Жеңиш аянтынын аймагында (Шопоков көчөсүнүн чыгыш тарабында) жайгашкан муниципалдык унаа токтотуучу жайда сааттык төлөм системасы сыноо режиминде ишке кирди. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 95 унаага ылайыкталган бул унаа токтотуучу жай күнү-түнү иштейт. Сыноо мөөнөтүндө төмөнкүдөй тарифтер колдонулат:
- алгачкы 15 мүнөт — акысыз;
- биринчи эки саат үчүн — 50 сом;
- андан кийинки ар бир саат үчүн — 10 сом.
Мэрия бул система Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы токтомунун негизинде киргизилгенин билдирди. Сыноо мезгилинин жыйынтыгы менен системанын натыйжалуулугу талданып, шаардагы башка унаа токтотуучу жайларды өркүндөтүү боюнча сунуштар иштелип чыгат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Бишкек