Кызыл-Кыя шаарынын улук сот аткаруучусу пара менен кармалды

Кызыл-Кыя шаарынын улук сот аткаруучусу пара менен кармалды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын улук сот аткаруучусу пара менен кармалды. Аны Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) 23-июлда колго түшүргөн. Бул тууралуу Финансы полициясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сот аткаруучулар бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды.

Ага каршы «М.С» аттуу жаран кайрылып, сот аткаруучу соттун чечими менен камактан чыгарылган кыймылсыз мүлктүн 10 пайыз үлүшүн (18 600 сом) талап кылганын, андан тышкары дагы 10 миң сом мыйзамсыз сураганын айтып, арызданган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-пункту (опузалап пара алуу) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.  Учурда пара талап кылган сот аткаруучу Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>