Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештер жоюлат

Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештер жоюлат

Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештерди жоюуга багытталган мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирлди.

Маалыматка караганда, 25-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргызстандын конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу”, “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө” мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу” мыйзам долбоору, “Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзам долбоорлору экинчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымынын орун басары Чынгыз Ажибаев белгилегендей, мыйзам долбоору мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештерди жоюуга багытталган.

Тагыраагы, баяндамачы мамлекеттик саясатты түзүүгө жана ишке ашырууга жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунун жетиштүү механизмдеринин болгондугун эске алуу менен, бүгүнкү күндө мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин институту ашыкча болорун белгилеп, коомдук кеңештердин иш тажрыйбасы жетиштүү натыйжаларды берген жок деп кошумчалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>