ЭВФ: 2027-жылы Кыргызстанда инфляция Борбор Азиядагы эң жогорку көрсөткүчкө жететКыргыз мамлекеттик циркине казакстандык Нурлан Конокбаев жетекчи болуп дайындалды«Айтматовду» бүт өлкө күтүүдө. Байопиктин режиссёру Каныбек Калматов менен маек«Эрезе» кыргыз тасмасы Сан-Паулу эл аралык кинофестивалынын программасына кирдиАлимент өндүрүү боюнча сот чечимдеринин 60%дан ашыгы аткарылбайтКылмыштан жабыркаган балдар кайра-кайра суракка алынууда
«Манас» аэропортунда убактылуу кирүү тартиби өзгөрдү
13.07.2025 | 13:01

«Манас» эл аралык аэропортунун аэробекет имараты кеңейтилип жатканына байланыштуу негизги кире бериш убактылуу жабылды.
Аэропорттун маалыматына ылайык, эми жүргүнчүлөр аэробекетке ички каттамдар залы аркылуу гана кире алышат. Бул кире бериш имараттын оң тарабында, жаңы унаа токтотуучу жайдын каршы бетинде жайгашкан.
Жакынкы күндөрү жүргүнчүлөр үчүн биринчи кабаттан кошумча эшик ачылат.
“Аэропорттун жетекчилиги убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, жүргүнчүлөрдөн алдын ала эске алууну өтүнөт”,-деп айтылат билдирүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар
Теги: Манас аэропорту