Бишкекте жыл башынан бери автобустар катышкан 521 жол кырсыгы катталды

03.11.2026 | 16:50
В Бишкеке с начала года зарегистрировано 521 ДТП с участием автобусов — Новости Кыргызстана

2026-жылдын башынан бери Бишкек шаарында автобустар катышкан 521 жол-транспорт кырсыгы катталды. Бул тууралуу «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын башкы инженери Бакыт Табалдиев «Элден собол» берүүсүндө билдирди.

Анын маалыматында, мунун ичинен 244 кырсыкка автобус айдоочулары, ал эми 272ине экинчи тарап күнөөлүү деп табылган. Эгерде автобус айдоочулары күнөөлүү деп табылса, анда алар келтирилген чыгымды айлык акысынан же накталай төлөшөт.

Табалдиев жол кырсыктарына унаа тыгындары, айдоочулардын жоопкерсиздиги жана алардын эс алуу режиминин сакталбашы себеп болуп жатканын билдирди. Ошондой эле айдоочулар каттамга чыгуунун алдында текшерүүдөн өтөрүн белгиледи.

Scroll to Top