Манас шаарынын 149 жылдыгы белгиленди

5-ноябрда Жалал-Абад облусунун борбору Манас шаарынын 149 жылдыгы белгиленди. Салтанаттуу иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.
Өкмөт башчы шаардыктарды өзүнүн жана президенттин атынан куттуктап, өнүгүү аркылуу Манас шаарынын жаңы доору башталганын билдирген.
Ал 2027-жылы өлкөнүн ички дүң продуктусунун көлөмү 3 трлн сомго жетерин, ал эми консолидацияланган бюджет 1 трлн сомдон ашарын айткан. Ошондой эле Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу жана Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолу сыяктуу долбоорлор аймактын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип жатканын белгилеген.
Минкабдын маалыматында, шаар күнүнө карата Жалал-Абад облусунда 18 социалдык жана өнөр жай объектиси пайдаланууга берилген. Анын ичинде 1224 батирлүү «Асман Резиденс» комплекси, 1740 батирден турган «Асман-Резиденс-7» жана «Асман-Резиденс-8» комплекстери бар. Мындан тышкары, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кошумча корпусу, жаңы мектептер, Гулистан айылындагы фельдшердик-акушердик пункт, Базар-Коргондогу кыш заводу, Ноокен жана Сузак райондорундагы спорт жана маданият жайлары ишке киргизилген.
Ошондой эле учурда шаарда 5320 батирлүү турак жайлардын, беш мектептин, эки бала бакчанын, 5200 орундуу спорт сарайынын, музейдин жана «Жалал-Абад» эл аралык аэропортунун курулушу уланып жатканы кабарланды.
Эске салсак, Манас шаарынын расмий тарыхы 1877-жылдан башталат. 2025-жылы ага мурдагы Жалал-Абад аталышынын ордуна «Манас» аталышы берилген.