Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын турукташтырууга 36,6 млрд сом талап кылынат

Министрлер кабинети 2026–2027-жылдарга товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын өсүшүн турукташтыруу боюнча иш-чаралар планын бекитти. №715-т тескемеге 2026-жылдын 18-сентябрында кол коюлган. Пландын чоо-жайын Айыл чарба министрлиги билдирди.
Планды каржылоого жалпы 36,6 млрд сом талап кылынат. Анын ичинен 29,4 млрд сом Айыл чарба министрлиги жооптуу болгон иш-чараларга туура келет. 2026-жылы агроөнөр жай комплексин колдоого болжол менен 13 млрд сом бөлүнгөн.
Жалпысынан планга 57 иш-чара кирген. Алардын 32си Айыл чарба министрлигинин компетенциясына кирет. Иш-чаралар алты багытка бөлүнгөн:
- мал чарбачылыгы — 11 иш-чара;
- кайра иштетүү өнөр жайы — 6;
- өсүмдүк өстүрүү — 4;
- сактоо жана логистика — 4;
- ички рынокту камсыздоо жана бааларды жөнгө салуу — 4;
- укуктук жана уюштуруучулук чаралар — 3.
Министрликтин маалыматына ылайык, пландын негизги максаты — ички рынокто товарлардын сунушун көбөйтүү, өндүрүштүк чыгымдарды азайтуу жана импортко көз карандылыкты кыскартуу аркылуу баалардын туруктуулугун сактоо. Министрликтин чаралары өндүрүштү көбөйтүүгө, айыл чарба продукциясын сактоо жана кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле мамлекеттик резервдерди бекемдөөгө багытталган.
2026-жылдын июль айында керектөө бааларынын индекси 2025-жылдын декабрына салыштырмалуу 106,7%ды, ал эми январь–июль айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 110,7%ды түзгөн. Министрликтин белгилешинче, баалардын өсүшү тышкы рыноктордогу өзгөрүүлөргө, логистикалык чыгымдардын көбөйүшүнө, айрым товарлар боюнча импортко көз карандылыкка жана өндүрүштүн сезондуулугуна байланыштуу.