«Тамчы» СФИТи Гонконгдо NextFinance демилгесин тааныштырды

06.11.2026 | 10:14
«Тамчы» СФИТи Гонконгдо NextFinance демилгесин тааныштырды — Новости Кыргызстана

«Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагы (СФИТ) каржы тармагын өнүктүрүүнүн жаңы ыкмаларын биргелешип иштеп чыгуу жана жайылтуу максатында Азиянын финансы борборлорун бириктирүү демилгеси менен чыкты. NextFinance деп аталган сунуш 4-ноябрда Гонконгдо өткөн Hong Kong FinTech Week 2026 эл аралык форумунда тааныштырылды. Бул тууралуу «Тамчы» СФИТтин басма сөз кызматы билдирди.

Демилге Азия өлкөлөрүнүн финансы борборлорунун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү, тажрыйба алмашууну жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну карайт. Анын негизги максаты — дүйнөлүк экономикадагы өзгөрүүлөргө тезирээк ыңгайлаша алган, заманбап технологияларды киргизе алган жана бизнестин менен инвесторлордун талаптарына жооп берген жаңы муундагы финансы борборлорун түзүү.

«Тамчы» СФИТинде каржы тармагын өнүктүрүү үчүн санариптик чечимдерди киргизүү гана эмес, мамлекеттер менен каржы юрисдикцияларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөө зарыл деп эсептешет. NextFinance алкагында дүйнөлүк финансы рыногу дуушар болуп жаткан жаңы чакырыктарга карата практикалык ыкмаларды биргелешип иштеп чыгуу сунушталууда.

Демилгени Кыргызстандын президентинин атайын өкүлү, өлкөнүн БУУдагы туруктуу өкүлү жана «Тамчы» СФИТин башкаруу кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Аяз Баетов сунуштады.

«Финансы борборлорунун келечеги алардын технологиялык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу, санариптик чечимдерди киргизүү, бизнести өнүктүрүүгө жана инвестиция тартууга жагымдуу шарттарды түзүү жөндөмүнөн көз каранды. Бул милдеттерди чечүү юрисдикциялардын ортосунда тыгыз кызматташууну талап кылат. Ошондуктан күч-аракеттерди бириктирүү, жалпы көз карашты калыптандыруу жана эртеңки күндүн чакырыктарын чечүүгө практикалык ыкмаларды иштеп чыгуу абдан маанилүү», — деп белгиледи Баетов.

Ошентип, Кыргызстан Азиянын каржы борборлорунун өз ара кызматташуусу үчүн аянтча түзүүнү сунуштады. Анда катышуучулар финансылык технологиялар жаатында тажрыйба алмашып, жөнгө салуунун жаңы ыкмаларын талкуулап, биргелешкен долбоорлор үчүн мүмкүнчүлүктөрдү таба алышат.

Hong Kong FinTech Week 2026 алкагында Аяз Баетов Гонконг өкмөтүнүн каржы кызматтары жана казыналык боюнча катчысынын орун басары Жозеф Чан менен да жолугушуу өткөрдү.

Тараптар каржы тармагында Кыргызстан менен Гонконгдун ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү келечегин талкуулашты. Тактап айтканда, финансы институттарынын ортосундагы байланыштарды чыңдоо, финансы рынокторун жөнгө салуу жаатында тажрыйба алмашуу жана заманбап финансылык технологияларды киргизүү тууралуу сөз болду.

Азиядагы эң ири эл аралык каржы борборлорунун бири болгон Гонконгдун финансылык структуралары менен «Тамчы» СФИТтин өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында Жозеф Чан «Тамчы» СФИТтин өкүлдөрүн Asian Financial Forum форумуна катышууга чакырды. Эл аралык финансы форуму 2027-жылдын 26–27-январында Гонконгдо өтөт.

Гонконг өкмөтүнүн өкүлү каржы кызматтары жана санариптик инновациялар жаатында тажрыйба бөлүшүүгө жана Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

«Биз эртеңки күндүн талаптарына жооп берген финансылык чөйрөнү түзүүдө «Тамчы» СФИТтин өнөктөшү болууга даярбыз. Гонконг өзүнүн билими жана тажрыйбасы менен бөлүшүүгө, ошондой эле каржы кызматтары жана санариптик инновациялар жаатында Кыргызстан жана «Тамчы» СФИТ менен кызматташтыкты бекемдөөгө ниеттенет. Мындай тыгыз кызматташуу эки тарапка тең жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенем», — деп билдирди Жозеф Чан.

Эл аралык финансы форумуна катышуу менен катар «Тамчы» СФИТи Гонконгдо кыргызстандык каржы борборун таанытууга багытталган жарнак кампаниясын жүргүзүүдө.

Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бир ай бою Гонконгдун көчөлөрүндө «Тамчы» СФИТтин символикасы түшүрүлгөн 1500гө жакын такси каттайт. Бул кампания Hong Kong FinTech Week 2026 өтүп жаткан күндөрдү да камтыйт.

Мындай ыкма менен каржы борбору калкынын саны 7,5 миллионго жакын болгон Азиянын ири ишкер мегаполистеринин биринде өзүнүн таанымалдыгын арттырууну көздөйт.

«Тамчы» СФИТинде эл аралык каржы иш-чараларына катышуу, чет элдик өнөктөштөр менен байланыштарды өнүктүрүү жана NextFinance демилгесин илгерилетүү эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана каржы аймагынын мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурдурууга өбөлгө түзөт деп ишенишет.
Scroll to Top