Мамлекеттик банктар санкциялык тобокелдиги бар 284 ишкана менен кызматташууну токтотту

Кыргызстандын мамлекеттик банктары жыл башынан бери санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу 284 компания менен ишкердик мамилелерин токтотту. Бул тууралуу 5-ноябрда өткөн мекемелер аралык жумушчу топтун отурумунда маалымдалганын Экономика министрлиги билдирди.
Жыйын КР Президентинин санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы менен өткөн. Анда санкциялык тобокелдиги бар юридикалык жактарды аныктоо, текшерүү жана тиешелүү тизмени түзүү маселелери каралган.
Маалыматка ылайык, «АБанк» ААКсы санкциялык тобокелдиги бар 115 компания менен ишкердик мамилелерин токтоткон. Болжол менен 37 компания боюнча мониторинг жүрүп жатканы айтылды.
Ал эми «Элдик Банк» ААКсы 169 компания менен иш алып барууну токтоткон, дагы төрт компания текшерүүдө турат.
Жыйында мындан тышкары Европа биримдиги, АКШ жана Улуу Британия менен кызматташуу маселелери талкууланган. Жыйынтыгында мамлекеттик органдардын, каржылык жөнгө салуучу мекемелердин жана банк секторунун биргелешкен координациясын камсыздоо, ошондой эле эл аралык өнөктөштөр менен диалогду улантуу боюнча багыттар аныкталган.