Мектептерде профилдик окутуу этап менен киргизилет. Ал кандайча болот?

11.08.2026 | 17:59
Мектептерде профилдик окутуу этап менен киргизилет. Ал кандайча болот? — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарында профилдик окутуу үч жыл бою этап-этабы менен киргизилет. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин 2026-жылдын 23-июнундагы № 894/1 буйругу менен профилдик окутууну киргизүүнүн тартиби аныкталган. Бекитилген документке ылайык, профилдик окутуу үч этап менен ишке ашырылат:

I этап (2026–2027-окуу жылы):

  • 8-класстарда профилге чейинки даярдоо программасы киргизилет. Профилге чейинки даярдоо – жогорку класстарда окуу профилин тандоодо окуучулардын өз алдынча чечим кабыл алуусун камсыз кылган негизги жалпы билим берүү деңгээлиндеги педагогикалык, маалыматтык жана уюштуруу иш-аракеттеринин системасы.
  • Жогорку класстарда кесиптик-колдонмо багыты боюнча профилдик программалар апробациядан өткөрүлөт.
  • Жалпы билим берүү уюмдары менен башталгыч кесиптик билим берүү мекемелеринин ортосунда тармактык байланыш түзүлөт.

II этап (2027–2028-окуу жылы):

  • 9-класстарда профилге чейинки даярдоо программасы ишке кирет.
  • 11-класстарда академиялык жана кесиптик-колдонмо багыттары боюнча окутуу башталат.

III этап (2028–2029-окуу жылы):

  • 12-класстарда академиялык жана кесиптик-колдонмо багыттары боюнча профилдик программалар киргизилет.

Академиялык багыт окуу предметтерин тереңдетип окутууну, ал эми кесиптик-колдонмо багыты кесипке чейинки көндүмдөрдү өздөштүрүүнү карайт.

Профилдик окутуу билим берүү процессинин түзүмүн жана мазмунун өзгөртүү аркылуу окуучунун жөндөмүнө жана кесиптик кызыкчылыктарына ылайык билимин улантууга же эмгек рыногуна кирүүгө шарт түзүүгө багытталган.

Scroll to Top