Бишкекте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына билеттерди сатуу башталды

11.08.2026 | 17:47
Бишкекте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына билеттерди сатуу башталды — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда 31-августта «Бишкек Арена» стадионунда өтө турган 2026-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билеттерди сатуу башталды. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынан билдиришти.

Билеттердин баасы секторго жана тандалган орунга жараша 5 миңден 9 миң сомго чейин түзөт.

Билеттер сатып алуучунун атына гана жазылат (именной билет), аларды башка бирөөгө берүүгө же кайра сатууга болбойт. Стадионго кирүү Face ID технологиясын колдонуу менен ишке ашырылат.

Билеттерди ticket.gov.kg сайтынан сатып алууга болот.

31-августта «Бишкек Аренага» жеке унаа менен барууга жол жабылат.

Көрүүчүлөр үчүн Бишкектин 22 жеринен акысыз автобустар уюштурулат. Автобустар саат 13:00дөн 15:00гө чейин жөнөйт. Бул убакыттан кийин трансфер аткарылбайт. Автобустар стадионго чейин орто жолдогу аялдамаларга токтобой барат. Азем аяктагандан кийин көрүүчүлөрдү кайра ошол эле жөнөгөн жерлерине жеткиришет.

Иш-чарага чет мамлекеттердин башчылары катыша тургандыгына байланыштуу коопсуздуктун күчөтүлгөн чаралары көрүлөт.

Уюштуруучулар ошондой эле аземге жети жашка чейинки балдар киргизилбей турганын билдиришти.

Алардын айтымында, бул чектөө көрүүчүлөрдүн эрте чогулушуна, трансфердин жана аземдин өзүнүн узактыгына байланыштуу. Ошондой эле кичинекей балдардын жана башка көрүүчүлөрдүн ыңгайлуулугун камсыз кылууга багытталган.

Акысыз автобустар жөнөй турган жерлер:

  • Ибраимов — Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Жибек Жолу көчөсү, 605;
  • Барпы Алыкулов көчөсү, 32;
  • Саякбай Каралаев көчөсү, 62 (12-кичи район);
  • «Ак-Кула» автобекети;
  • Ауэзов көчөсү, 4;
  • Анкара көчөсү, 1/1;
  • Айыл көчөсү, 10а/1;
  • Жибек Жолу проспектиси, 263/2;
  • Иса Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Чакыруу билеттери бар коноктор үчүн пункт;
  • Кожобергенов көчөсү, 13;
  • Эркиндик проспектиси, 1а;
  • Жаш Гвардия проспектиси, 287;
  • Токтоналиев көчөсү, 104;
  • Шабдан Баатыр көчөсү, 52;
  • Москва көчөсү, 266;
  • Васильевский тракты, 18;
  • Гагарин көчөсү, 284;
  • «Ала-Тоо» конушу, 117;
  • «Ак-Жол» өткөрмө пункту (бажы);
  • «Манас» аэропорту.
Scroll to Top