Мен саясатка кызыкпайм. Мирбек Атабеков парламенттик шайлоо тууралуу пикирин билдирди — видео

Мен саясатка кызыкпайм. Мирбек Атабеков парламенттик шайлоо тууралуу пикирин билдирди — видео

Ырчы Мирбек Атабеков парламенттик шайлоого аттанат деген имиштерди жокко чыгарды. Бул тууралуу билдирүүсүн ал социалдык тармактардагы баракчасында жарыялады.

“Азыр Мирбек Атабеков шайлоо участкасына баратат, өз талапкерлигин көрсөттү — деген кептер айтылууда. Мен эч бир партияда эмесмин, мен саясатка кызыкпайм жана келечекте өзүмдү саясатчы катары көрбөйм. Мен ушул позициямдан тайбайм.

Фейк аккаунттар мени каралап жатканыңыздарды көрүп турам. Анткени мага жалаа жаап жаткан аккаунттар кечээ жакында эле ачылыптыр. Бир адам 10 аккаунт ачып алып, акчага сатылып жатасыздар. Кудайдан корккула. ​​

Ал эми Кайрат Примбердиевдин кайрылуусун колдогонум чын. Анткени ошол кыйын учурда ажобузга, бийликке мен да нааразычылыгымды айткам. Бирок мен Кайрат Примбердиевдей болуп партияларда ырдаганыма өкүнөм деген эмесмин. Себеби Примбердиев колдогон партияны мен колдогон эмесмин. Мындан ары деле өз кызматымды кылып, ырчылык өнөрүмдү көрсөтө берем», — дейт Атабеков.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>