Садыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйтУнаанын номерин кайра тариздөө кызматы эми «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүүЖККУ Ирандагы кырдаалга байланыштуу Борбор Азиядагы энергетикалык объектилерди коргоону күчөтүүгө чакырды
Кемин шаарында Жибек-Жолу көчөсүн көрктөндүрүү иштери башталды
28.08.2026 | 14:29

Кемин райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы Жибек-Жолу көчөсүн жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча долбоор даярдады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Иштердин алкагында көчөнүн архитектуралык көрүнүшү жакшыртылат жана жол жээгиндеги аймактар жашылдандырылат. Долбоор шаар тургундары үчүн шарттарды түзүү жана борбордук көчөлөрдүн эстетикалык сапатын жогорулатуу максатын көздөйт.

Мекеменин маалыматында, долбоор Кемин шаарынын мэри Канболот Тутуевдин демилгеси менен иштелип чыккан. Учурда аны ишке ашыруу иштери башталды.
Эске салсак, буга чейин Кемин шаарындагы имараттардын сырткы көрүнүшү бирдиктүү дизайн-кодго келтирилери айтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Кемин, Курулуш министрлиги