Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин беш балага алимент төлөбөгөн атага кылмыш иши козголду

25.08.2026 | 14:22
Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин беш балага алимент төлөбөгөн атага кылмыш иши козголду — Новости Кыргызстана

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын кийлигишүүсүнөн кийин Талас облусунда балдарына алимент төлөбөй жүргөн И.Т. аттуу жаранга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акыйкатчыга Талас облусунун тургуну кайрылып, мурдагы күйөө баласы беш баласына соттун чечимине карабастан алимент төлөбөй жатканын билдирген. Бакай-Ата райондук соту 2025-жылдын январь айында И.Т.ны кирешесинин жарымын балдарына төлөп турууга милдеттендирген. Бирок ал бул чечимди аткарбай келген. Сот аткаруучулар кызматынын эсеби боюнча, анын карызы 195 миң сомду түзгөн.

Арыз ээси буга чейин Бакай-Ата РИИБи карызкордун майыптыгын жүйө келтирип, кылмыш ишин козгоодон баш тартканын билдирген. Акыйкатчынын облустук өкүлчүлүгү райондук прокуратурага жана сот аткаруучулар кызматына чара көрүү боюнча кат жөнөткөн.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында үстүбүздөгү жылдын 12-июлунда И.Т.га карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинин 2-бөлүгү («Ата-эненин балдарын багуудан качышы») менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Акыйкатчы институтуна алимент өндүрүү боюнча 94 кайрылуу келип түшкөн.

Scroll to Top