Кыргызстанда сентябрдан тарта «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулунун өлчөмү көбөйөт

Кыргызстанда 1-сентябрдан тарта 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө берилүүчү «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулунун өлчөмү 1 000 сомдон 1 500 сомго чейин жогорулайт. Тиешелүү токтомду Министрлер кабинети кабыл алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Жаңы эрежелерге ылайык, жөлөк пул алуучу үй-бүлө колдонгон автоунаанын чыгарылган мөөнөтү 15 жылдан жогору болушу керек. Буга чейин бул мөөнөт 20 жылдан кем эмес болушу шарт болчу. Бул чара күйүүчү майдын жана унаа тейлөөнүн кымбатташы үй-бүлө кирешесине таасирин тийгизип жаткандыгы менен негизделген.
Ошондой эле эки же андан көп турак жайы бар үй-бүлөлөр жөлөкпул алуучулардын тизмесинен чыгарылат. Экинчи турак жай потенциалдуу киреше булагы катары бааланат.
Мындан тышкары токтом менен администрациялык-аймактык реформа жана айыл чарба продукциясынын баалары эске алынып, жер үлүштөрүнөн жана короо-чарба участокторунан түшкөн кирешелердин нормативдери жаңыртылды.