Мэр Жанарбек Акаев Ош шаарындагы жалгыз ардагерден кабар алды

Мэр Жанарбек Акаев бүгүн, 9-майда, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына карата Ош шаарындагы жалгыз ардагерден кабар алды.
Шаар башчысы 98 жаштагы тыл ардагери Тажикан Мадимарова менен жолугуп, аны Жеңиш күнү менен куттуктады.
Мэр ардагерлердин бүгүнкү тынч жашоого кошкон салымы зор экенин белгилеп, алар ар дайым көңүл борборунда болорун айтты. Ошондой эле ал ардагерге ден соолук каалап, акчалай жардам жана белектерди тапшырды.
Тажикан Мадимарова 1928-жылы туулган. Ал согуш жылдарында тылда эмгектенип, “1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы талыкпаган эмгеги үчүн” медалы жана бир катар юбилейлик медалдар менен сыйланган. Согуш мезгилинде жана андан кийин “Кызыл Пахтачы” колхозунда эмгектенген.
Ардагердин 10 баласы, 37 небереси, 119 чөбөрөсү жана 12 кыбырасы бар.