Эскерүү жана элдешүү күндөрү. Экинчи дүйнөлүк согуш дүйнөнү кантип өзгөрткөн
Жыл сайын 8 жана 9-май күндөрү дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө Экинчи дүйнөлүк согуштун окуялары эскерилет. Бул — XX кылымдагы эң ири жана эң кыйраткыч трагедия. Миллиондогон адамдар үчүн бул даталар Жеңиштин, нацизмден бошонунун жана курман болгондорду эскерүүнүн символу бойдон калууда.
Бириккен Улуттар Уюму бул күндөрдү жөн гана тарыхый дата катары эмес, согуштун баасын жана тынчтыктын маанисин эске салган күн катары карайт. 2004-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы 8 жана 9-майды расмий түрдө Экинчи дүйнөлүк согуштун бардык курмандыктарын эскерүү жана элдешүү күндөрү деп жарыялаган.
Кабыл алынган резолюцияда мамлекеттер өздөрүнүн Жеңиш жана боштондук күндөрүн белгилөөгө укуктуу экени белгиленип, ошол эле учурда эл аралык коомчулук улутуна, динине же жашаган жерине карабастан миллиондогон курмандыктарды эскерүүдө биригиши керектиги айтылган.
Адамзат тарыхын өзгөрткөн согуш
Экинчи дүйнөлүк согуш адамзат тарыхындагы эң ири аскердик жаңжал болуп калды. Согуш аракеттери Европа, Азия, Африка, Тынч океан аймагы жана дүйнөнүн башка бөлүктөрүн камтыган.
БУУнун маалыматы боюнча, согуш ондогон миллион адамдардын өмүрүн алып кеткен. Алардын арасында аскер кызматкерлери дагы, жөнөкөй жарандар дагы болгон. Өзгөчө оор жоготууларды мурдагы Советтер Союзунун өлкөлөрү тарткан.
2010-жылы Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 65 жылдыгына арналган БУУнун Башкы Ассамблеясынын атайын жыйынында уюмдун Башкы катчысы бул согушту «эркиндик жана боштондук үчүн тарыхтагы эң баатырдык күрөш» деп атаган.
Анын айтымында, ондогон жылдар өтсө дагы бул трагедиянын масштабын толук аңдоо кыйын: согуш жылдарында 40 миллионго жакын жөнөкөй жаран жана 20 миллион аскер курман болгон. Аскердик жоготуулардын дээрлик жарымы Советтер Союзуна туура келген.
Эмне үчүн 1945-жылдагы Жеңиш бурулуш учур болгон
1945-жылдын май айындагы нацизмди жеңүү дүйнөлүк согуштун аякташы гана эмес, эл аралык мамилелердин жаңы доорунун башталышы болгон.
Дал ошол согуштан кийин мамлекеттер дүйнөгө глобалдык жаңжалдардын алдын ала турган жамааттык коопсуздук системасы керек экенин түшүнүшкөн.
Ошентип Бириккен Улуттар Уюму түзүлгөн. Жаңы эл аралык уюмдун негизги максаты — тынчтыкты сактоо жана келечек муундарды согуштун алааматтарынан коргоо болгон.
БУУ белгилегендей, Экинчи дүйнөлүк согуштун тажрыйбасы мамлекеттерди кызматташуунун жаңы механизмдерин издөөгө, эл аралык укукту өнүктүрүүгө жана адам укуктары менен тынчтыкта жашоо идеяларын бекемдөөгө түрткү берген.
Холокост жана нацизмдин кылмыштары тууралуу эстутум
Эл аралык эстутумда Холокост өзгөчө орунду ээлейт. Бул — нацисттик режим тарабынан жөөттөрдүн массалык түрдө жок кылынышы жана согуш жылдарындагы адамзатка каршы жасалган башка кылмыштар.
БУУ өзүнүн кайрылууларында мындай окуялар эч качан кайталанбашы үчүн алар тууралуу эстутумду сактоо зарыл экенин бир нече жолу белгилеген.
«Биз Холокостту жана нацисттер жасаган башка оор жана үрөй учурган кылмыштарды эч качан унутпашыбыз керек», — деп айтылат БУУнун Башкы катчысынын кайрылууларынын биринде.
Согуштан кийинки дүйнө жана жаңы чакырыктар
2015-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 70 жылдыгына арналган атайын резолюция кабыл алган. Документте согуш «адамзатка эсепсиз азаптарды алып келгени» белгиленген.
Ошол эле учурда БУУ 1945-жылдан кийин жетишилген ийгиликтерди дагы өзүнчө белгилеген. Алардын катарына эл аралык кызматташтыктын өнүгүшү, аймактык уюмдардын түзүлүшү, демократиялык баалуулуктардын жана адам укуктарын коргоо системасынын чыңдалышы кирет.
Бирок уюм ондогон жылдар өтсө дагы дүйнө жаңжалдарга, зомбулукка жана эл аралык коопсуздукка болгон коркунучтарга туш болуп жатканын моюнга алат.
БУУ белгилегендей, COVID-19 пандемиясынын учурунда дагы дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө адамдардын ортосунда жек көрүүнү жана кастыкты күчөтүү аракеттери байкалган.
80 жылдан кийин
2025-жылдын 7-майында Нью-Йорк шаарындагы БУУнун штаб-квартирасында Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 80 жылдыгына арналган Башкы Ассамблеянын атайын салтанаттуу жыйыны өткөн.
Иш-чаранын катышуучулары тарыхый эстутумду сактоонун, согуштун курмандыктарын урматтоонун жана жаңы глобалдык кризистер шартында эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгү тууралуу дагы бир жолу сөз кылышкан.
Бүгүн Эскерүү жана элдешүү күндөрү кайгыруу күнү гана эмес, тынчтык менен коопсуздуктун канчалык морт экенин эске салган дата катары дагы маанилүү.
Экинчи дүйнөлүк согуштун негизги сабагы — дүйнөлүк масштабдагы жаңы трагедиялардын алдын алуу үчүн диалог, кызматташтык жана адамдык кадыр-баркты урматтоо гана жардам бере алары.