Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Камчыбек Ташиев үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө эки бөлмөлүү батир берди
23.01.2026 | 17:26

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу атайын кызмат билдирди.
ЖМКлар аркылуу аталган үй-бүлө материалдык абалына байланыштуу турак жай маселесин чечип берүүнү суранган.
Р. Сыргабаев жана анын жубайы М. Калиева 2024-жылдын ноябрь айында үйлөнүшкөн. Алар ушул убакка чейин ижарага алынган батирде жашап келишкен. Үй-бүлө башчысы курулуш объекттеринде жумушчу болуп эмгектенет.
Өлкөдөгү калктын өсүшүн колдоо максатында Камчыбек Ташиев аларга Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан эки бөлмөлүү батир берди. Үй-бүлө мүчөлөрү көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдиришти..
Рубрики: Жаңылыктар, Коом