ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкери Эржан Акылбек уулу таяк тартыш боюнча Азия чемпиону болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Мелдеш 15-19-майда Каракалпакстандын борбору Нукус шаарында (Өзбекстан) өткөн. Эржан Акылбек уулу атаандаштарынын баарын жеңип, Азия чемпиону болууга жетишкен.