«Экономика жетим баладай болчу»: Акылбек Жапаров Кыргызстандын 2050-жылга чейинки өнүгүүсү тууралуу

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн алгачкы 30 жылында экономика маселелерине жетиштүү көңүл бурулган эмес, анткени саясий күн тартиби башкаруу формасын издөөгө, кадрдык өзгөрүүлөргө жана шайлоолорго багытталган. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров Reporter.kg менен болгон маегинде билдирди.
«Демократияны, башкаруу формаларын издеген 30 жыл аралыгында биз көчмөндөргө окшоштук: чогулабыз, жетекчилерди алмаштырабыз, тарайбыз, анан кайра чогулуп, кайра тарайбыз. Жана ушул өткөн 30 жыл ичинде Кыргызстандын экономикасы жетим баладай эле болду. Аны менен алектенүүгө убакыт болгон жок: кадрларды бөлүштүрүп, кийинки шайлоолор жөнүндө ойлонуу керек эле», — деди ал.
Жапаровдун пикиринде, акыркы беш жыл мурунку он жылдыктардан кескин айырмаланат, анткени чечим кабыл алууда бийлик өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө багыт ала баштады.
«Биз өнүгүү жөнүндө, Кыргызстанда 100 жылдан кийин эмне болору жөнүндө ойлондук. Жок дегенде, мен мындай программаларды жана идеяларды Минкабдын жыйындарында, президенттин администрациясында айтууга аракет кылдым, президенттен колдоо таптым. Жалпысынан команда бир саясий мөөнөткө эмес, 2050-жылга чейин иштеди», — деп айтып берди Минкабдын экс-башчысы.
2050-жылга карата ИДП көлөмү 200 млрд доллар
Жапаровдун айтымында, узак мөөнөттүү максаттардын бири — 2050-жылга чейин Кыргызстандын орточо өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кириши болгон.
Анын пикиринде, калктын саны 10 миллион адамды түзгөндө, өлкөнүн ИДПсынын (Ички дүң продукциясы) көлөмү бул убакка карата кеминде 200 миллиард долларды түзүшү керек.
«Эгерде бизде 10 миллион адам болсо, анда ИДПнын көлөмү 200 миллиард доллардан кем болбошу керек. Ошондуктан биз тескерисинен эсептөө жолун колдондук», — деп түшүндүрдү ал.
Жапаров бул максатка жетүү үчүн экономикалык өсүштүн зарыл болгон темптери эсептелип чыкканын белгиледи.
«Мен окумуштуу-экономист катары бул максаттарды койдум, президент аларды бекитти, анан биз тескери эсептөө жүргүздүк — өлкө жыл сайын кантип өнүгүшү керек экенин. Мен өлкө кеминде 10%га өнүгүшү керек деп айтканымда, бул ушул максаттарга жетүү үчүн зарыл болчу», — деп билдирди ал.
Минкабдын мурдагы башчысынын айтымында, 2030-жылга чейин Кыргызстандын ИДПсы болжол менен 30 миллиард долларга жетиши керек же бул көрсөткүчтөн ашышы зарыл. Бул, анын пикиринде, мындан аркы экономикалык өсүш үчүн негиз болуп калышы керек.
«2030-жылы — 30 миллиард, балким, андан бир аз көбүрөөк. Бул 2050-жылга карата „Илбирстин секиригин“ жасоо үчүн базалык фундамент болуп саналат», — деди Жапаров.
Ал кошумчалагандай, түпкү максат — чет өлкөлөрдө билим алып жана иштеп жаткан кыргызстандыктар мекенине кайтып келүүнү каалагандай шарттарды түзүү.
«Дүйнө жүзү боюнча окуп жаткан балдарыбыз Кыргызстанга келип, ушул жерде иштей алышы үчүн. Неберелерибиз кайтып келиши үчүн. Бизде биринчи кезекте жарандарыбыз үчүн, ошондой эле конокторубуз үчүн коопсуз, жакшы жана ыңгайлуу шарттар болушу үчүн», — деп белгиледи ал.
Темир жол жана Камбар-Ата-1
Жапаровдун пикиринде, узак мөөнөттүү пландаштыруу өлкөнүн стратегиялык багыттарын аныктоого мүмкүндүк берди, ал эми ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу коюлган максаттарды көздөй жылып жаткандыкты билдирет.
Эң маанилүү долбоорлордун катарында ал Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун жана Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну атады.
«Стратегиялык жактан эң негизгиси жана маанилүүсү — темир жол пайда болду. Азыр биз Камбар-Ата-1ди кура баштадык», — деди ал.
Жапаровдун айтымында, темир жолдун курулушу аяктагандан кийин Кыргызстандын аймактык транспорттук системадагы мааниси кыйла өсөт.
«Кыргызстан акырындап Кыргызстандын жарандары үчүн гана эмес, бүткүл дүйнө үчүн да керектүү болуп баратат. Темир жолдун курулушун бүтүргөнүбүздө эле, биз коңшубуз Кытайга да, Орусияга да керек болобуз. Өзбекстанга жол ачылат», — деп билдирди ал.
Минкабдын экс-башчысы өлкөнүн эл аралык соодадагы болочок ролун Кыргызстандын байыркы Жибек жолундагы абалы менен салыштырды.
«Илгери ата-бабаларыбыз жүктөрдүн өтүшүнө кепилдик берип, аларды коштоп жүрүшкөн. Эч ким аларды карактай алган эмес. Ошондуктан баары Кыргызстан аркылуу өтчү. Бардык уруулар сүйлөшүп, кербендерди өткөрүшчү. Эгерде алар жок дегенде бир кербенди талап-тоноп кетишсе, Кыргызстан аркылуу эч ким өтпөйт болчу», — деди Жапаров.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө байыркы Жибек жолу иш жүзүндө заманбап түрдө калыбына келтирилип жатат.
Темир жолдун тегерегиндеги экономика
Жапаровдун пикиринде, Минкабдын кийинки милдети транзиттен киреше алуу гана эмес, темир жолдун боюнда жаңы өндүрүштөрдү жана экономикалык борборлорду түзүү болушу керек.
«Эми Минкабдын милдети — транзиттен киреше табуу гана эмес, темир жолдун тегерегинде экономиканы куруу», — деп белгиледи ал.
Жаңы тартуу түйүндөрүн (көңүл буруу борборлорун) түзүүнүн мисалдарынын бири катары Жапаров эл аралык конгресстерди, кеңешмелерди жана башка ири иш-чараларды өткөрүү үчүн инфраструктураны өнүктүрүүнү келтирди.
Анын пикиринде, ишке ашырылып жаткан долбоорлор тандалган багыттын тууралыгын тастыктайт.
«Тандалган багыт өзүн актап жатканын көрсөткөн фактылар жетиштүү. Кудай буюрса, бүгүн чечим кабыл алып жаткан саясатчылар да стратегиялык ой жүгүртүүсүн уланта беришсин», — деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.
Анара Мамытова