Сүйкөнүү, кармалоо. Аялдардын көпчүлүгү коомдук транспортто ыдыкка кабылат

Сүйкөнүү, кармалоо. Аялдардын көпчүлүгү коомдук транспортто ыдыкка кабылат

Акыркы жылдары Кыргызстанда коомдук транспортто ыдык көрсөтүү көйгөйү күч алууда. Бул тууралуу Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын жылдык баяндамасында айтылат.

Башкы укук коргоочу коомдук транспорт аялдар жана кыздар үчүн кооптуу жай болуп жатканын белгилейт.

Акыйкатчы институтунун атайын сурамжылоосуна 250 аял жана кыздар катышкан. Алардын 90 пайызы коомдук транспортто ыдык көрсөтүүнүн ар кыл формаларына кабылышкан билдиришкен. Аларга сүйкөнүү, ыктоо, кармалоо (80%), тиктөө (69%), тийишүү (57%) болгон.

Иш  жүзүндө  ар  бир  экинчи  аял  адепсиз  үн чыгарууларга  (44%)  жана  уятсыз  ымдап-жымдоолорго кабылышкан.

Ар бир үчүнчүсү мазактап-сөгүүгө (33%) жана ишараттарга  (30%)  күбө  болушкан.

Сурамжылоого катышкан аялдардын 14 пайызына эркектер сексуалдык мүнөздөгү талап айтып, өзүнүн денесинин интимдик бөлүгүн көрсөткөн.

Ыдык көбүнчө маршурткада (82%) болот. Ар бир экинчи аял автобуста (51%), ар бир үчүнчүсү – троллейбуста (35%), ал эми ар бир бешинчиси  –  таксиде  (19%) ыплас аракеттерге дуушар болушканын белгилешкен.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин конституциялык түзүлүш комитетинин жыйынында депутат Дастан Жумабеков ыдыкка каршы күрөшүү үчүн автобустарга айгай салган баскычтарды орнотууну сунуштады.

«Балдар, кыздар жана аялдар айдоочуга билдирүү үчүн аны баса калышмак. Андан кийин укук коргоо органдары тез арада, ыкчам чара көрмөк», — дейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>