Ала-Арча суу сактагычынын жанынан жырткыч куштарды мыйзамсыз кармагандар аныкталдыКасымалиев чек ара жаңжалынан жабыркагандардын турак жай маселелерин толук чечүүнү тапшырдыКазакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстанга келдиКыргызстанда тогуз айда жол кырсыктарынан 572 адам каза болду, анын 88и жаш балдарАшууларга кар жаап, жолдорго кум-туз аралашмасы себилүүдөЧакан жана орто бизнес 149,6 млрд сом инвестиция өздөштүрдү, өсүш 22,8%ды түздү
Азия чемпионаты (U-16): Эки кыргыз боксчу жарым финалга чыкты
26.10.2023 | 13:44
Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан 16 жашка чейинки мушкерлер арасындагы бокс боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык спортчулар Дилербек Садирбаев жана Амантур Жумабаев жарым финалга чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
52 кг салмакта катышкан Амантур Жумабаев алгач 1/8 финалдык беттеште кытайлык мушкерди жеңсе, 1/4 финалда түркмөнстандык спортчуну уткан. Жарым финалдык беттеште япониялык мушкер менен күч сынашат.
Ал эми 57 кг салмакта Дилербек Садирбаев чейрек финалда ирандык мушкерди жеңген. Жарым финалдык беттеште таиланддык спортчу менен кез келет.
Жарым финалдык беттештер 31-октябрь күнү өтөт.


Биздин Телеграм каналга катталыңыз